Ысык-Көл облусунда коррупцияга каршы күрѳшүү боюнча жыйын өткөрүлдү

    Каракол шаарында КРнын УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы генерал-полковник К.К.Ташиевдин коррупцияга каршы күрѳш демилгесинин негизинде облустук жана муниципалдык уюмдардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткѳрүлдү.

Жыйындын күн тартибинде Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров кол койгон жаңы мыйзамдарга жана 2025–2030-жылдарга карата мамлекеттик стратегияга ылайык, коррупцияга каршы күрөшүү чараларын күчөтүү маселелери каралды.
Жаңы мыйзамдарда төмөнкүдөй негизги өзгөртүүлөр каралган:
• Коррупциялык кылмыштар үчүн күнөөлүү деп табылган адамдарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөөгө өмүр бою тыюу салуу.
• Коррупциялык кылмыштар үчүн жазаны айып пулга алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн алып салуу.
• Коррупциялык кылмыштар үчүн күнөөсүн мойнуна алган учурда жазанын минималдуу мөөнөтүн белгилөө.
КР Ысык-Көл облусунун УКМК башкармалыгынын башчысы А.А.Капаров коррупцияга каршы аракеттенүү, коррупциялык көрүнүштөрдү түп тамыры менен жоюу, мамлекеттик саясаттын эң маанилүү багыты экендигин айтып, жоопкерчиликтин оордугу айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип жазалардын күчөтүлгөнүн белгилеп кетти.
Жыйындын алкагында билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин ѳкүлдѳрү 2024 жылдын ноябр айында УКМК тарабынан ѳткѳрүлгѳн жыйында коррупцияга каршы күрѳшүү боюнча берилген сунуштардын аткарылуусу тууралуу маалыматтары угулду.
Ошону менен бирге коррупцияга каршы күчѳтүлгѳн мыйзам ѳзгѳртүүлѳр презентация түрүндѳ кѳрсѳтүлүп ар бир берене боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жыйындын жыйынтыгында облустук жана муниципалдык уюмдарга мыйзамдын жана стратегиянын жоболорун натыйжалуу ишке ашыруусу боюнча тапшырмалар берилди.

Related posts

Садыр Жапаров: Чек араны бүгүн чечпесек, кийин оор болот

admin

Тик учак кырсыгынан каза болгон жигиттин апасы: «Уулум «колун сурадым, быйыл үйлөнөм» деген»

admin

Бишкектеги машыгуу залындагы кол салуу: ИИМ тергөөнүн жүрүшүн көзөмөлгө алганын билдирди

admin

Комментарий