Ысык-Көлдө 13 кытай туристи кармалды. Алар эмнеге шектелүүдө?

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында УКМК тарабынан киберкылмыштуулук жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу менен алектенген эл аралык трансулуттук кылмыштуу топтун мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталып, бөгөт коюлду.

Аталган топко Кытайдын 13 жараны кирип, алар атайын иштелип чыккан программалар аркылуу киреше алуу максатында, электрондук маалыматтарга уруксатсыз кирүү жана киберкылмыштардын изин кылдаттык менен жашыруу аркылуу, эл аралык финансылык операцияларды жүргүзүшкөн. Алдамчылык аракеттер Кытайда, Гонконгдо жана Малайзияда жашаган КЭР жарандарынын арасынан потенциалдуу жабырлануучуларды «этап-этабы менен» иштеп чыгуу жолу аркылуу жасалган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандар тарабынан мыйзамсыз аракеттер жасалган персоналдык компьютерлер, мобилдик аппараттар (50 бирдиктен ашык), кытай банктарынын ар кандай карталары (50 бирдиктен ашык), жергиликтүү мобилдик операторлордун сим-карталары алынды. Алынган компьютерлердеги маалыматтарды изилдөөнүн натыйжалары чет өлкөлүктөрдүн укукка каршы аракеттерин тастыктайт. Тактап айтканда, курулган ишенимдүү мамилелердин негизинде алдоо жолу менен башка бирөөнүн активдерине ээ болуу максатында потенциалдуу курмандыктар менен байланышты түзүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган аракеттердин кадамдык алгоритми менен психологиялык жактан иштетиле турган адамдардын тизмеси, нускамалар аныкталган.

Аталган чет өлкөлүк жарандар КР аймагына турист катары келишип, бирок иш жүзүндө миграциялык мыйзамдарды бузуу менен мыйзамсыз эмгек ишмердигин жүргүзүшкөн. Аталган факты боюнча КЭРдин КРдагы элчилигине маалымат берилди. Кармалган кытай жарандары жана буюм далилдери тиешелүү иш-чараларды уюштуруу үчүн расмий түрдө Кытай тарапка өткөрүп берилди.

Related posts

Ошто УКМК кызматкеринин кармалышы: массалык маалымат каражаттары хайп чыгарып, жалган маалымат таратыштыбы?

admin

Самара Каримова кызынын ысымын Айсулуу Тыныбекованын атынан койду

admin

Ошто 31 жаштагы келин менен 3 баланын жансыз денелери табылды

admin

Комментарий