Ысык-Көлдө түндө 6 баллга жеткен жер титирөө болду 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 28-декабрь күнү саат 23:16да Ысык-Көл облусунун Кытай менен чектешкен аймагында жер титиреди.

Анын очогунда күчү 6 баллга жеткен. Ал эми Ак-Суу районунун Таш-Короо, Кургак айылдарында 5 балл, Эчкили-Таш, Койлуу, Май-Саз айылдарында 4,5 балл, Түп районунун Кең-Суу айылында 4,5 балл жана Каракол шаарында 3,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Related posts

«Аю» компаниясынын ээси Шаршенбек Абдыкеримов сыртынан камакка алынды

admin

Президент: «Камчыбек Ташиевдин чечкиндүү аракеттери менен тартип орноду»

admin

ӨКМ шашылыш билдирүү таратты. Нөшөрлүү жамгыр жаап, сел жүрүшү мүмкүн

admin

Комментарий