Ысык-Көлдө УКМК Төрагасынын кубогу үчүн спартакиада старт алды

Бүгүн Ысык-Көлдө коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин көптөн күткөн спорттук майрамы башталды – УКМК Төрагасынын кубогу үчүн республикалык спартакиада өзүнүн салтанаттуу ачылышын жасады.

Бул жылы мелдештер өзгөчө кызуу өтмөкчү: эркектер футбол, волейбол, баскетбол жана шахмат боюнча күч сынашса, аялдар 3000 метрге эстафеталык жарышта, дартста жана 3х3 баскетболдо таймашат.

Иш-чаранын ачылышында КР УКМК төрагасынын орун басары, генерал-майор Т.Шабданбеков төрага Камчыбек Ташиевдин атынан катышуучуларды куттуктап, адилеттүү оюн, командалык дух жана спорттук достукту каалады.

«Спортчулардын биримдиги жана чыныгы атаандаштык духу бүгүнкү иш-чаранын башкы маанайын түзөт», – деди ал.

Related posts

КР УКМК: Майнинг-фермалардын мыйзамсыз иштери аныкталды

admin

Улуттук госпиталда кош бойлуу медайым сабалды. Милиция эмне дейт?

admin

Президенттин администрациясынын штаттык саны кыскарды 

admin

Комментарий