Ысык-Көлгө 18 күн мурун чөгүп кеткен 4 жашар кыз дагы эле табыла элек

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 4 жашар кызды издеп жаткан ыктыярчылар президентке кайрылышты. Бул тууралуу
Кыргызстандын кыз-келиндер футбол ассоциациясынын вице-президенти Айдана Оторбаева социалдык баракчасына чыгарды.

«Бүгүн Аишаны издөөгө 18 күн болду, технологияны айтпаганда да адам ресурстары аз. Жергиликтүү тургундардын жана ӨКМнын кайыктарда үзгүлтүксүз издөө иштерин жүргүзүүсү жетишсиз. Бул издөөлөрдү мүмкүн болушунча натыйжалуу кылуу үчүн көбүрөөк ресурстар керек», — деп жазган ал.

Учурда Айдана Оторбаева дагы издөө иштерине катышууда.

https://www.super.kg/kabar/news/414941/

Related posts

«Тазалыктын» директору Рамиз Алиев Бишкектин вице-мэри болуп дайындалды

admin

Президент кыргызстандыктарды  Жеңиш күнү менен куттуктады

admin

1-класска электрондук каттоонун 2-этабы башталды. Бишкекте кайсы мектепте орун калган жок?

admin

Комментарий