Ысык-Көлдө өзүн-өзү атып алган кишини милиция куткарып калды. Окуянын чоо-жайы (видео)

Милиция кызматкерлери адам өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБен билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-февралда болжол менен 19:20 чамасында Тоң РИИБге аймактык ооруканадан билдирүү түшкөн. Анда сырттагы Корумду тоолуу аймакта октон жаракат алган адамдын жардамга муктаж экени айтылган. Медиктердин айтымында, эркек киши чалып, октон жаракат алганын, жалгыз экенин айткан. Ошондон кийин байланыш үзүлүп калган.

Милиция кызматкерлери ӨКМ жана медицина кызматкерлери менен биргеликте жаранды издей башташкан. Эки сааттык издөөдөн кийин Тоң РИИБдин 2 кызматкери — Акжол Самыйбек уулу менен Адилет Темирканов жаранды табышкан. Анын 45 жаштагы Бөконбаев айылынын тургуну экени аныкталган. Кан жоготуудан жана суук аба ырайынан улам анын абалы оор болгон. Ошондой эле 16 калибрдеги ок атуучу курал табылган.

Жолдо эсин жоготпошу үчүн сүйлөшүп жатышкан. Сүйлөшүү учурунда ал киши бул аймакта топоз бакканын түшүндүрдү. Мал карап жүргөн учурунда ал кардын үстүндө тайгаланып кетип, оң бөйрөгүнө ок атылып кеткенин айткан. Эсине келип, «112» кызматына чалып окуяны кабарлаган соң, байланыш үзүлгөнүн айткан. Милиция кызматкерлери жаракат алган жаранды тез жардам кызматына жеткирип, квалификациялуу жардам көрсөтүп, райондук ооруканага жеткирилген. Учурда жабырлануучунун ден соолугу туруктуу. Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Related posts

Садыр Жапаров баштаган жетекчилер Аксы, Апрель окуяларын эскерди 

admin

9-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Кармалган «Мадина» базарынын кожоюнунун жактоочусу анын Көлбаев менен куда эмес экенин айтты

admin

Комментарий