«Ысыкта жарым саат турган». Германиянын президентин Катардын аэропортунда тосуп алууну унутуп коюшкан (видео)

Катарга барган Германиянын президентин тосуп алууну унутуп коюшкан. Франк-Вальтер Штайнмайер учактагы трапта күндүн ысыгында жарым саат турган. Бул тууралуу Германиянын Der Spiegel журналы кабыл алууга нааразы болгон саясатчынын видеосун жарыялады.

Германиянын президенти Катардын эмири Тамим Аль Тани менен сүйлөшүү үчүн Катарга учуп кеткени маалымдалды. Штайнмайердин жубайы лимузин менен кетип, саясатчы 30 градус ысыкта учактын үстүнкү тепкичинде дээрлик жарым сааттай нааразы болуп турган.  Deutsche Welle билдиргендей, ыңгайсыздык Германиянын президентинин учагы пландалгандан эрте конгонунан улам болгон.

Related posts

Президенттин администрациясынын штаттык саны кыскарды 

admin

Нидерландыда 613 күн коронавирус менен ооруган адам көз жумду

admin

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Түркияга келди

admin

Комментарий