Жаан-чачын жаабайт. 12-октябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет борбору бүгүн, 12-октябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +17…+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20…+25, Ысык-Көл облусунда +14…+19, Нарын облусунда +15…+20 градус болору күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +20…+22 градуска жетет.

Related posts

Чубак ажы Жалилов атындагы Көк-Жаңгактагы ички жолдун ачылыш аземи өттү

admin

Садыр Жапаров в рамках госвизита прибыл в Цзинань

admin

Ошто көмүрдүн  тоннасы 7,5 миң сомго чейин сатылууда

admin

Комментарий