Жаан жаайт. 25-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

25-апрелде түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +17…+22;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17;

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18 градус болот.

Бишкекте жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11, күндүз +19…+21 градус болот.

Related posts

Жеңишке элимдин колдоосу менен жеттим. Акжол Махмудовдун маеги (видео)

admin

«Мамлекет кечирбейт». Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Тина Канделакиге жооп берди

admin

Кыргызстандагы 20 000 сомдон 57 000 сомго чейинки эмгек акылар

admin

Комментарий