Жаан жаайт. 26-октябрга карата өлкөдөгү аба ырайы

26-октябрда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде кар жаашы мүмкүн.

Күндүз көпчүлүк аймактарда, тоо этектеринде жаан жана кар жаайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Айрым жерлерде туман түшөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +5…+10;

Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +5…+10;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн +6…+11, күндүз +9…+14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14;

Нарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +7…+12;

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +8…+10 градус жылуу болот.

Related posts

УКМК: 24.kg редакциясына карата «согушту пропагандалоо» боюнча кылмыш иши козголду

admin

12 миңден ашуун маданият кызматкери аттестация тапшырат

admin

2-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий