Жаан жаайт. 7-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

7-апрелде түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн, өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18,

Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз +13…+18,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +13…+15 градус.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +15…+17 градус болот.

Related posts

Күндүн сүрөтү: Колуна кишен салынган Райымбек Матраимов

admin

Сейсмология институтунун директору: «Диванда жаткан эксперттерди эмес, адистерди угуш керек»

admin

Мэрия менен Панфилов паркы аттракциондон кулаган кыз боюнча үн катты

admin

Комментарий