Жаан жаап, тоолорго кар түшөт. 7-мартка карата күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет кызматы 7-мартка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Абанын температурасы Чүй облусунда +4…+9, Талас облусунда +3…+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +6…+11, Ысык-Көл облусунда+2…+7, Нарын облусунда 0…+5 градус болот.

Ал эми абанын температурасы Бишкек шаарында +6…+8 градус болушу күтүлөт.

Related posts

Бишкекте көмүрдү кайдан жана кандай баада сатып алууга болот? Даректер

admin

ЖККУнун башкы катчысы уюм Европадагы процесстерге көз салып жатканын айтты

admin

Акыйкатчыysy ишмердүүлүгүнө нааразы адамдар саны арбыды

admin

Комментарий