Жайыл районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө таандык ок атуучу куралдардын катылган жери табылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү менен күрөшүү, анын ичинде ок атуучу куралдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү багытында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында ири өлчөмдөгү курал-жарактардын катылган жери табылды.

Алсак, сотко чейинки өндүрүштүк иштерде катталган маалыматтардын алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта дарыясынын түштүк аймагында катылган ок атуучу куралдар жана ок-дарылар, анын ичинде 4 даана кыскартылган сайсыз жана 2 газ травматикалык тапанчалары табылган.

Ыкчам маалыматтарга ылайык, табылган ок атуучу куралдар мурда «мыйзамдагы ууру» аталган К.Асанбек аттуу криминалдык авторитеттин жакын чөйрөсүндөгү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө таандык болгон.

Related posts

Жогорку Кеңештин төрагасы фамилиясын өзгөрткөнүн жар салды

admin

Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногуна $394 млн сатты 

admin

Доскул Бекмурзаевге карата 2 кылмыш иши козголду

admin

Комментарий