Жалал-Абадда өзүн «положенец» деп атаган шектүү кармалды

Жалал-Абад шаарында чет элдик жарандан акча талап кылган кылмыш чөйрөсүнүн өкүлү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан 3 миң доллар опузалап талап кылуу фактысы боюнча кылмыш чөйрөсүнүн активдүү колдоочусу колго түшүрүлдү. Ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүшүндө кармалган жаран кыймылсыз мүлккө байланыштуу маселени чечүүнү убада кылып, чет өлкөлүк жарандын ишенимине кирип, кыймылсыз мүлктүн документтерин алганы аныкталган.

Чет өлкөлүк жарандын мурда кабыл алынган милдеттенмелерин аткаруу жана кыймылсыз мүлк документтерин кайтарып берүү талаптарынын мөөнөтү аяктагандан соң, шектүү өзүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары, тагыраагы Сузак районунун өзбек калкы жайгашкан бөлүмүндөгү «положенец» деп тааныштырып, чет өлкөлүк жарандын документтерин кайтарып берүү үчүн физикалык күч колдонуу менен коркутуп, кошумча сумма төлөп берүүнү талап кылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда (опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Related posts

Министр: «Токтогул суу сактагычына суу 110 пайызга көбүрөөк келди. Быйыл суу көп болот»

admin

Президент УКМК Чек ара кызматынын учкучсуз учуучу аппараттарынын базасын ачты

admin

Камчыбек Ташиев: «Кумтөр» иши боюнча 2 президент, 4 премьер, 2 спикерди жоопко тарттык»

admin

Комментарий