Жалал-Абадда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды 

8-ноябрда саат 21:11де Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, ӨКМден билдиришти.

Жер титирөө Базар-Коргон районунун Кызыл-Октябрь, Карача, Алма айылдарында эки баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Related posts

«Кумтөрдүн» 30 жылдыгы: Президент кимдерге сыйлык тапшырды? Тизме

admin

Чоң маселеге айландырбайлы». Спикер депутат Бакировдун иш бөлмөсүз калганы тууралуу өз пикирин айтты 

admin

Бишкекте көмүрдү кайдан жана кандай баада сатып алууга болот? Даректер

admin

Комментарий