Жалал-Абадда кар көчкү түшкөн аймакта айдоочу менен жүргүнчү изделип жатат 

Кечээ, 16-февраль күнү саат 01:30дар чамасында Mercedes-Benz Спринтер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана 1 жүргүнчүсү Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка автоунаа жолунун 80-90-чакырымында кар көчкү түшүп, өтө албай калгандыгы маалымдалган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары жана райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу, Жол тейлөө ишканасынан 1 авто жүктөгүч тартылып, кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгондуктан жумуш убактылуу токтотулган. Саат 17:30дан баштап аталган айдоочу менен байланыш жок болгондугуна байланыштуу бүгүн, 17-февраль күнү Чаткал райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 5 кызматкери атайын ыкчам автоунаасы менен саат 13:15де жолго чыгып, Ала-Бука — Каныш-Кыя — Кировка унаа жолунун 90-чакырымына чейин жетишип, андан ары жол жок болгондугуна байланыштуу 5 куткаруучу издөө иштерин улантуу үчүн жөө жөнөп кетишти.

Related posts

«Унаада 3 аял, 2 бала болгон». Алайку жолунда унаа жолдон чыгып даракка урунган

admin

Тажикстанга өтө турган Достук айылындагылар кайда көчүрүлөрү аныкталды

admin

«Катуу шамал үйүмдүн чатырын учуруп кетти» деген жарандын видеосу тарады

admin

Комментарий