Жалал-Абадда нефть куюучу жайдан чыккан өрт өчүрүлдү

6-июнь күнү Майлуу-Суу шаарына караштуу Көк-Таш айыл аймагынын Катыраңкы тилкесинде

«Кыргызнефтегаз» ААКнын нефть куюучу цистернасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат саат 15:52 де түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө Майлуу-Суу шаардык №83 ӨККБнөн 1 күжүрмөн эсеп, «Кыргызнефтегаз» ААКнан бир бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылып, саат 16:30 да чектөөгө алынган тилсиз жоо саат 16:35те толугу менен өчүрүлгөн. Азыркы тапта өрттүн чыгуу себептери жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок.

 

Related posts

Садыр Жапаров иш сапар менен Казакстанга жөнөп кетти. Коштоп кеткендердин тизмеси

admin

Кемин районун Тарыхбаев Мамытжан атындагы мектебинде «Фин чилистен» сынагы болуп өттү

admin

Чүйдө 36 жаштагы келин төрөттөн кийин көз жумду

admin

Комментарий