Жапаров Түркиядагы адам өмүрүн алган зилзаладан улам Эрдоганга көңүл айтты 

Президент Садыр Жапаров Түркиянын өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоганга өлкөдө көптөгөн курмандыктарга жана ири кыйроолорго алып келген жер титирөө боюнча көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы кабарлады.

«2023-жылдын 6-февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Зилзала бүгүн таңда болуп, акыркы маалымат боюнча каза болгондордун саны 900дөн ашты

Related posts

Баткенде 27 жаштагы жигит апрель айынан бери дайынсыз болуп жатат 

admin

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык бир катар маданият өкүлдөрүнө ыйгарылды 

admin

УКМК: Алтынбек Сулайманов кармалды деген маалымат жалган

admin

Комментарий