Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту

Кечээ, 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр Кулубаев маектешине кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуялар боюнча маалымат берди.

Өз кезегинде Блинкен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга терең тынчсыздануусун айтып, дипломатиялык аракеттер аркылуу тынчтыкка жана туруктуулукка жетишүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу күн тартибинин алкагында, аймактык платформаларда, анын ичинде «Борбордук Азия + Америка Кошмо Штаттарынын» ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун айрым маселелерин талкуулашты.

Related posts

Президент: «Ал окуя боюнча агама абдан катуу айткам»

admin

«Ну-ка, все вместе!» берүүсүнүн финалисттери Азат Раимбердиев менен Бек Исраилов чогуу ыр аткарышты

admin

КЫРГЫЗСТАНДА ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИККЕ УКУКТУ БУЗГАНДАРГА ЖАЗА КАТААЛДАШАТ

admin

Комментарий