Учурда Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринде Эл аралык Эмгек Уюмунун (ЭЭУ) жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин ишмердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча №181 Конвенциясынын ратификациялоо маселелеси каралып жатат. Эгерде бул документ кабыл алынса, анда миңдеген кыргызстандыктар жумушсуз калышы толук мүмкүн.
Өз учурунда, Ишке орноштуруу жеке агенттиктеринин ассоциациясы (ЖЭА) Эл аралык Эмгек Уюмунун (ЭЭУ) жеке ишке орноштуруу агенттиктеринин ишмердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча №181 Конвенциясынын ратификацияланышына тынчсыздануусун билдирип жатышат.
Алардын айтымында, бул эл аралык документтин кабыл алынышы өлкөнүн экономикасына, эмгек рыногуна, миграциялык системага жана Кыргызстандын жарандарынына олуттуу терс кесепеттерди алып келиши мүмкүн.
ЭЭУнун №181 Конвенциясын ратификациялоого байланыштуу негизги тобокелчиликтер кандай?
- Жарандардын социалдык абалынын начарлашы жана экономикалык жоготуулалар
Эгерде жогоруда айтылган конвенция кабыл алынса, жеке ишканалардын иши чектелип, натыйжада мигранттардын Мекенине акча которууларынын көлөмүнүн кыскарышы калктын жалпы жашоо шартына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. ЖЭАнын иликтөөлөрү боюнча, агенттиктердин жабылышы жеке агенттиктер аркылуу жумушка орношкон 30 миңдей кыргызстандыкты туруктуу кирешесиз калтырат жана алардын жылдык акча которуулардын көлөмү (болжол менен эсептегенде) 250-300 млн долларга азайышы мүмкүн.
Бул мыйзам ишке ашса, жылына 30 миңге чейин кыргызстандыктар Европа, Перс булуңу жана Япония өлкөлөрүндө расмий түрдө жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Демек, бул бош орундарды башка өлкөнүн жарандары ээлейт, ал эми кыргызстандыктар анча ыңгайлуу эмес шарттарда мисалы , Орусия менен Казакстандан жумуш издөөгө аргасыз болушат.
Акча которуулардын көлөмүнүн кыскарышы мигранттардын балдарынын билим алуу мүмкүнчүлүгүнө терс таасирин тийгизет.
Мыйзамдуу ишке орноштуруу каналдарынын жоголушу мыйзамсыз миграция жана көмүскө рыноктун кеңейүү тобокелчиликтерин күчөтөт.
2. Эмгек рыногунда мыйзамсыз иштеген ортомчулар пайда болот
Конвенцияда мыйзамсыз ортомчулар менен күрөшүүнүн конкреттүү механизмдери жок. Андыктан, жеке ишканалардын ишмердүүлүгүнө чектөөлөрдү киргизүү менен мыйзам чегинен тышкары иштеген алдамчылардын позициясын бекемдей алат.
Жумушка орноштуруунун расмий каналдары болбосо, жарандар жумушчулардын коопсуздугуна жана укуктарына жооп бербеген мыйзамсыз ортомчуларга кайрылууга аргасыз болушат.
3. Чет элдик иш берүүчүлөрдүн ЖЭА кызматына акы төлөөгө даяр эместиги
Учурда кыргызстандын иш издеген жарандарынын 95 пайызы европалык стандарттар боюнча квалификациясы жок кадрлар категориясына кирет, демек алар келечекте чет элдиктердин талабына жооп бере албай, атаандаштыкка туруштук бере албай калышы мүмкүн.
Чет өлкөдөгү иш берүүчүлөрдүн 2% гана агенттиктердин кызматы үчүн акы төлөөгө даяр, анда да кыргызстандыктарды кооптуу жана зыяндуу шарттарда иштөөгү алышы мүмкүн.
Кыргызстан Конвенцияны кабыл алса, агенттиктер өтүнмө ээлеринен жыйымдар ала албайт, бул алардын иштөөсүнө коркунуч келтирет.
4. Атаандаштык жөндөмүн жоготуу
Аймактын өлкөлөрү, анын ичинде Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Орусия конвенцияны ратификациялай элек жана чектөөсүз иш алып барышууда.
Чыгымдарды минималдаштырууну көздөгөн иш берүүчүлөр бул өлкөлөрдүн жарандарына артыкчылык берип, кыргызстандыктар чет элдик эмгек рыногуна кирүү мүмкүнчүлүгүн жоготот.
6. Россияга болгон көз карандылыктын күчөшү жана мигранттарды массалык депортациялоо коркунучу.
Бүгүнкү күндө жеке агенттиктер кыргызстандыктарды 28 өлкөдө жумуш менен камсыз кылып, аларды орус рыногунан көз карандылыгын азайтып жатат.
Эгерде бул жеке ишканалар жабылса, жарандар Орусияга кайтып келүүгө аргасыз болуп, ал эми ал жакта миграциялык мыйзамдар катаалданып жатканы баарыбызга маалым. Мындан улам келечекте Оруссиядан 70 миңден ашуун кыргызстандыктар депортацияланышы күтүлүүдө.
Ушундай эле процесстер учурда АКШда да байкалууда, бул Кыргызстандын эмгек рыногундагы абалды начарлатышы мүмкүн.
7. Конвенция ратификациялангандан кийин, ага өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн мүмкүн эместиги
№181 Конвенция өзгөртүүгө же адаптациялоого жатпайт, эл аралык юридикалык жактан милдеттүү документ.
Бул документ өзгөртүү мүмкүн болгон биздин улуттук мыйзамдардан айырмаланып, Конвенция ал күчүн жоготсо да, жокко чыгарылбайт же өзгөртүлбөйт.
ЭЭУнун №181 Конвенциясын ратификациялоонун ордуна, ЖЭА төмөнкүнү сунуштайт:
Учурдагы № 175 жобону талдап чыгып, өнүктүрү;
Иш менен камсыз кылууда алдамчылык жана шылуундук менен күрөшүү боюнча улуттук мыйзамды иштеп чыгуу;
Мыйзамсыз эмгек миграциясына каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу органды түзүү;
Кыргыз Республикасынын Эмгек министрлиги жана Соода-өнөр жай палатасы аркылуу ведомстволордун ишине көзөмөлдү күчөтүү;
Кыргызстандыктар үчүн жумуш менен камсыз кылуу географиясын, анын ичинде жаңы рынокторду кеңейтүү.
Белгилей кетсек, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Орусия, Индия, Бангладеш жана башкалар ратификациялоодон баш тартышкан.
Анын негизги себептери:
Конвенция европалык эмгек рыногунун шарттарына ылайык иштелип чыккан, алар менен Кыргызстандын мекемелери түз байланышта эмес.
Европалык жумуш берүүчүлөр Кыргызстандын агенттиктери менен түз байланышта болбогон рекрутинг компаниялары аркылуу иштешет.
Визалык режим, документтерди тариздөөнүн узактыгы жана тилдик тоскоолдук кыргызстандык абитуриенттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн төмөндөтүүдө.
Профессионалдык кадрларды даярдоо проблемалары
Жеке агенттиктер Ассоциациясынын маалыматы боюнча, кыргыз лицейлеринин бүтүрүүчүлөрү:
Чет тилдерди билишпейт;
Алар эскирген программалар менен окушат;
Чет элдик жумуш берүүчүлөрдүн талаптарына жооп бербейт.
Өз кезегинде Иш менен камсыз кылуу боюнча жеке агенттиктер ассоциациясынын өкүлдөрү ратификациялоону талкуулоодон мурун төмөнкүлөр зарыл деп эсептешет:
Кесиптик-техникалык билим берүү системасын реформалоо;
Эл аралык стандарттарга ылайык адистерди даярдоону стандартташтыруу;
Билим берүү программаларын адаптациялоо боюнча жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине жүктөлсүн.