Желекке өзгөртүү киргизүү боюнча символдун авторлору эмне дешти?

24-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун авторлору Жусуп Матаев жана Бекбосун Жайчыбеков менен жолугушуп, башкы мамлекеттик символду өзгөртүүгө байланышкан сунуштарын укту.

Жолугушууда төрага Нурланбек Шакиев мамлекеттик туунун айланасында түрдүү пикирлер айтылып келгенин белгилеп, депутат Улан Примов менен бирге ошол пикирлерди эске алуу менен туудагы айрым элементтерге тактоо киргизүүгө байланышкан мыйзам долбоорун демилгелеп жатышканын билдирди. Ал туунун элементтерин тактоодо анын авторлорунун жана кабыл алган инсандардын пикири өтө маанилүү экенин кошумчалады.

Мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов эгемен мамлекетибиздин туусун кабыл алуу учурундагы жагдайларга токтолуп: “700дөн ашуун сунуштар келип түшкөн. Алардын ичинен 100дөн ашууну кароого киргизилген. Аягында мамлекетибиздин түндүгү көтөрүлүп, түптөлүп жаткандыгынын далили катары түндүктү жана күн нурунун элементтерин камтыган туунун варианты жактырылды. Бирок азыркы күнгө чейин баштапкы варианты түрдүү өзгөрүүлөргө учурап, ар кандай жасалып келгенин көрүп жүрөбүз. Андыктан, баштапкы концепциясын так сактоо менен айрым бир элементтерине тактоо киргизүү маселесин авторлорунун катышуусунда кайрадан карап чыгышыбыз керек”, – деди.

Өз кезегинде мамлекеттик туунун авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков тиешелүү көзөмөлдүн жоктугунан туунун баштапкы элементтери өзгөрүп кеткен учурлар арбын экенин айтып: “Баштапкы вариантын кайрадан карап чыгып, концепциясын сактоо менен айрым элементтерине тактоо киргизүүгө байланышкан өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы эмеспиз. Келечекте такталган вариантын тандап алган соң, аны мындан ары өзгөртүүгө жол бербешибиз зарыл. Айрыкча туунун ар бир элементинин так сакталышын көзөмөлдөөбүз кажет”, – деди.

Жолугушуу соңунда Медеткан Шеримкулов, Бекбосун Жайчыбеков жана Жусуп Матаев 10 күн аралыгында туунун элементтерине тактоо киргизүү маселесин биргелешип кароо менен так вариантын алып келишерин билдиришти. Төрага Нурланбек Шакиев негизги концепциядан алыстабай, түзөтүүлөрдү камтыган туунун вариантын кабыл алууда авторлорунун жана коомчулуктун пикири сөзсүз эске алынарын кошумчалады.

Related posts

УКМК: «Кристалл» ААКсы мамлекеттин менчигине кайтарылды

admin

Садыр Жапаров «Дордой» базарына барды

admin

8-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий