Жети-Өгүздө мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча жана күрөш залы мамлекетке кайтарылды

 Жети-Өгүздө мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча жана күрөш залы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагында 1997-жылы Светлая-Поляна айылында жайгашкан аянты 257 чарчы метрди түзгөн (0,65 га жер тилкеси менен бирге) бала бакча жана 2011-жылы Дархан айылындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин 150 чарчы метр күрөш залы жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылгандыгы аныкталган.

Менчик ээлери өздөрүнүн социалдык объекттерге ээлик кылуусунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, ыктыярдуу негизде балдар бакчасынын имаратын жер тилкеси менен бирге Оргочор айылынын балансына өткөрүп берди. Ал эми балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин күрөш залын Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айылынын балансына кайтарышты.

УКМК жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган социалдык объекттерди аныктоо жана аларды мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иштер улантылып жатканын кошумчалады.

Related posts

Millennials Have A Complicated Relationship With Travel

admin

How to Use Auto AF Fine Tune on Your Nikon DSLR the Right Way

admin

Сотрудники ГКНБ задержали 43 сотрудника колл-центра, причастных к кибермошенничеству

admin

Комментарий