Орусиядагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы

Орусияда 15-17-март күндөрү өлкөнүн президентин шайлоо болуп өттү. Орус ЖМКлары жазгандай, ага катышуу тарыхтагы эң жогорку көрсөткүч болгон. 

Владимир Путин Орусиядагы президенттик шайлоодо протоколдордун 90 пайызын кароонун жыйынтыгы боюнча 87,21 пайыз добуш алып, жеңишке жетти. Мындай маалыматты Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Экинчи орунда Коммунисттик партиясынан талапкер Николай Харитонов 4,28%, үчүнчү орунда 3,94 пайыз добуш менен Владислав Даванков («Жаңы адамдар»), төртүнчү орунда 3,16 пайыз добуш менен Леонид Слуцкий турат.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча президенттик шайлоого шайлоочулардын 74,22 пайызы катышты.

Related posts

Comment activer vos bonus sur Crazebets Casino en Belgique

mediaportalk

Millennials Have A Complicated Relationship With Travel

mediaportalk

Hygetropin 100 Iu et sa Prise dans le Monde du Sport

mediaportalk

Комментарий