Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында АКШнын президенти Жо Байден менен жубайы Жилл Байдендин атынан кабыл алууга катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Маалыматка караганда, салттуу кабыл алуу расмий иш-чаралардан кийин БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясына катышкан мамлекет башчыларынын урматына өткөн.