Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди 

Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча Башкы прокурордун сунушун кароо үчүн түзүлгөн атайын депутаттык комиссиянын корутундусу жабык эшик артында каралды.

Аталган маселени кароонун жыйынтыгы менен Жогорку Кеңеш депутат Адахан Мадумаровду “Бийликтен аша чабуу” беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу башкы прокурордун сунушуна макулдук берди.

Эскерте кетсек, 31-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча башкы прокурордун сунушун кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.

Комиссиянын курамына депутаттар Гуля Кожокулова, Карим Ханджеза, Кундузбек Сулайманов, Миргүл Темирбаева, Мурадил Сыдыков, Фарходбек Алимжанов, Мирлан Самыйкожо жана Динара Ашимова кирген.

Related posts

Бир айлык акча жүгүртүүсү 1 млн сомдон ашат. Жалал-Абадда жашыруун казино иштеп келген   

admin

 Бишкекте генерал А.Бакаев атындагы УКМК Академиясын ачылды

admin

Москвада энергетика боюнча эл аралык форум өттү

admin

Комментарий