Жогорку Кеңешке Токторбаевдин ордуна Пархат Тулендыбаев депутат болуп келди

Пархат Тулендыбаев кайрадан Жогорку Кеңештин депутаты болду. Бул тууралуу бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында маалым болду.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Тулендыбаевге депутаттык күбөлүк жана төш белги тапшырды.

Ал Ош шаарынын мэри болуп дайындалып, ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Жеңишбек Токторбаевдин ордуна келди.

Пархат Тулендыбаев буга чейин Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты («Республика — Ата-Журт» партиясынан) болгон.

Related posts

Жаңы жыл түнү айланма жолдо жол кырсыгы катталып, Ленин РИИБдин кызматкери көз жумду 

mediaportalk

27-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

mediaportalk

Индияда өткөн аскердик парад көпчүлүктү таң калдырды (видео)

mediaportalk

Комментарий