Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп Бакытбек Мажитов дайындалды

Бакытбек Мажитов Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге төрага Талант Мамытов кол койгонун парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

46 жаштагы Бакытбек Мажитов юридикалык жана экономикалык жогорку билимге ээ, юридика илимдеринин кандидаты. Ал буга чейин Эл аралык университетте, Жалал-Абад облустук шайлоо комиссиясынын эксперти, Жогорку Кеңештин консультанты, төраганын кеңешчиси кызматын аркалаган.

Related posts

«Мурдагы бийлик тушунда салынган». Министр талкаланып калган жол боюнча үн катты

admin

Кыргыз-тажик чек арасынын 3,71 чакырымы боюнча макулдашылды

admin

Бир кыздын өмүрүн алган тез татымдагы жарылуу. Жалал-Абадда үч киши кармалды

admin

Комментарий