Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп Нурланбек Азыгалиев шайланды

Бүгүн, 12-октябрдагы парламент жыйынында депутаттар Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарын шайлашты.

Төраганын кызмат ордуна Нурланбек Азыгалиевдин талапкерлиги көрсөтүлүп, жашыруун добуш берүүнүн негизинде 81 депутат колдоду. Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов вице-спикерлик ордун  тапшырган.

Нурланбек Азыгалиев 1970-жылы Фрунзе шаарында туулган. Билими жогорку. 1989–жылы Фрунзе атындагы совхоз- техникумун “зоотехник” адистиги боюнча аяктап, 1998-жылы Түркиядагы Эге университетинин “айыл чарба” факультетин, 2004-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.

2021-жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №22 Жайыл бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланган.

Related posts

КР УКМК: Бишкекте мыйзамсыз радикалдык диний ячейканын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

admin

Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында жаңы желек илинди

admin

Завершился государственный визит Президента Азербайджана Ильхама Алиева в Кыргызстан

admin

Комментарий