Жогорку Кеңеш акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотууга макулдук берди 

Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу токтом долбоору добушка коюлуп, 50 депутат «макул», 5 депутат «каршы» добуш берди. Ага чейин мындай сунушту “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы берип, аны Конституциялык мыйзамдар боюнча комитет карап, колдогон.

Жыйында депутат Адахан МадумаровАкыйкатчынын өзүнүн да пикирин угуу керектигин айтты. Ал эми спикер Нурланбек Шакиев расмий түрдө чакырылганын, бирок келбегенин айтты. Добушка коюлуп, 55 депутат добуш берди. 50 депутат «макул», 5 депутат «каршы» экенин билдиришти.

Related posts

Казак президенти Конституцияны өзгөртпөрүн жана 2026-жылы шайлоого катышпай турганын айтты

admin

 Парламент социалдык фонддун бюджетин кабыл алды

admin

Сабырбек Жумабеков Россияда беделдүү сыйлыкка татыды

admin

Комментарий