Жогорку Кеңеш Медербек Сатыевди Жогорку соттун төрагалыгына дайындоого макулдук берди

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Медербек Сатыевди Жогорку соттун төрагасы кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.

Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов президенттин тиешелүү сунуштамасын тааныштырды.

Аталган маселени кароонун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Медербек Сатыевди Жогорку соттун төрагасы кызматына дайындоого макулдугун берди. Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Related posts

Садыр Жапаров Арменияга иш сапары менен барат

admin

Кыргызстандагы айрым банктар Орусиянын “Мир” банктык картасын тейлөөнү токтотту 

admin

УКМК: Таласта салык кызматынын бөлүм жетекчиси пара менен кармалды — ВИДЕО

admin

Комментарий