«Жогорку кызмат адамдарына кызмат көрсөтүшкөн». Элиталык сойкулардын «апасы» кармалды

Элиталык эскорт жана интимдик кызматтын уюштуруучусу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында, Кылмыш жаза кодексинин 160-беренесинде (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын негизинде төлөөгө жөндөмдүү жарандарга жана жогорку кызмат адамдарына элиталык интимдик кызматтарды көрсөткөн интернет-группасы аныкталып, анын башкы администратору Кыргызстандын жараны И.К.Д кармалды.

Аталган жаран 18 жаштан 25 жашка чейинки жаш кыздардан, ошондой эле Instagram жана Tik Tok социалдык тармактарында абдан популярдуу болгон белгилүү адамдардан жана блогерлерден турган интернет-группалар тармагын уюштурган. Андагы эскорт кызматтарынын баасы 1000ден 10 миң долларга чейин бааланып турган. Ошондой эле, ал кыздардын Дубай аймагына жана коңшу республикаларга интимдик кызмат көрсөтүү үчүн баруусун уюштурган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен И.К.Д. кармалып, соттун чечими менен №21 тергөө абагына киргизилди.

Related posts

Түркиядагы жер титирөөдөн кеминде 53 адам набыт болду 

admin

 Чек Ара кызматы:  Өзбекстандын чек арачылары кирип келди делген видео чындыкка дал келбейт

admin

Жалал-Абаддын тургуну мамлекетке чыккынчылык кылгандыгы үчүн 7 жылга соттолду

admin

Комментарий