«Жогорку кызмат адамдарына кызмат көрсөтүшкөн». Элиталык сойкулардын «апасы» кармалды

Элиталык эскорт жана интимдик кызматтын уюштуруучусу кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында, Кылмыш жаза кодексинин 160-беренесинде (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын негизинде төлөөгө жөндөмдүү жарандарга жана жогорку кызмат адамдарына элиталык интимдик кызматтарды көрсөткөн интернет-группасы аныкталып, анын башкы администратору Кыргызстандын жараны И.К.Д кармалды.

Аталган жаран 18 жаштан 25 жашка чейинки жаш кыздардан, ошондой эле Instagram жана Tik Tok социалдык тармактарында абдан популярдуу болгон белгилүү адамдардан жана блогерлерден турган интернет-группалар тармагын уюштурган. Андагы эскорт кызматтарынын баасы 1000ден 10 миң долларга чейин бааланып турган. Ошондой эле, ал кыздардын Дубай аймагына жана коңшу республикаларга интимдик кызмат көрсөтүү үчүн баруусун уюштурган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен И.К.Д. кармалып, соттун чечими менен №21 тергөө абагына киргизилди.

Related posts

Сузактагы кырсык: комиссиянын иши аягына чыгып, 6 адам ээлеген кызматынан бошотууга көрсөтүлдү

admin

УКМК: Ак-Суу РЭТинин кызматкери пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды

admin

Ташиев Жалал-Абадда чек арачыларга жаңы үйлөрдүн ачкычтарын тапшырды 

admin

Комментарий