Жол фонду 2021-жылы декабрда түзүлгөн.

2027-жылдан тарта бардык айылдарга жана жайлоолорго кеткен жолдорго асфальт төшөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев «Жол фонду жөнүндө КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралган жыйында билдирди.

Анын айтымында, бул иштерди каржылоо үчүн каражат толугу менен Жол фондуна түшкөн жыйымдардан алынат, бюджеттен кошумча акча бөлүнбөйт. Шакиев муну президент менен сүйлөшүп макулдашканын белгиледи.

Ошондой эле ал 15-20-декабрда транспорт тармагына 1 250 даана атайын техника келерин, алардын 750сү Жол фондунун каражаттарынын эсебинен алынганын кошумчалады.

Транспорт министринин орун басары Бекназар Базаралиевдин маалыматы боюнча, 2023-жылы Жол фондуна 5 миллиард сомдон ашык каражат түшүшү күтүлүүдө. Эгер сунушталган мыйзам кабыл алынса, бул сумма 7 миллиард сомго чейин көбөйөт.

Белгилей кетсек, Жол фонду 2021-жылы түзүлгөн. Жаңы мыйзамга ылайык, айдоочулар майдын ар бир литри үчүн кошумча 1 сомдон төлөшөт, бул каражат жолдорду оңдоого жана реконструкциялоого жумшалат.

Related posts

15-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Кемпир-Абад боюнча чындык

admin

КР УКМК: «Отель Евразия» ЖЧКсына таандык жалпы аянты 20 гектардан ашуун, базар баасы 729 миллион 682 миң сом болгон жер тилкелери мамлекеттин балансына өткөрүлдү

admin

Комментарий