Жолдорду автоунаа ээлеринин эсебинен оңдоо боюнча мыйзам долбоору ЖКда каралууда.

2024-жылдын 1-январынан тарта өлкөдөгү жолдорду оңдоо иштерин каржылоо үчүн автоунаа ээлери май куйганда ар бир литрине 1 сомдон кошумча төлөм киргизилиши мүмкүн. Парламент бүгүн Жол фонду тууралуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.

Мыйзам долбоорго ылайык, айдоочулар бензин жана дизель отуну үчүн төлөгөн ар бир литрден 1 сом Жол фондуна которулат. Топтолгон каражат республика боюнча жолдорду оңдоо жана реконструкциялоо иштерине сарпталат. Бул жыйым «жолдо көп жүргөндөр көбүрөөк төлөйт» деген принципке негизделген.

Транспорт министринин орун басары Бекназар Базаралиевдин айтымында, мыйзам кабыл алынса, Жол фондунун бюджети 7 миллиард сомго жетиши күтүлүүдө. 2023-жылы фондго 4,5 миллиард сом түшкөн болсо, быйыл жыл аягына чейин бул сумма 5 миллиард сомдон ашат деп болжолдонууда.

Related posts

21-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча Баткен облусунун мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өткөрүлдү

admin

Энергетика министринин пресс-катчысы жалган маалымат тараткан Эмилбек Каптагаевди Жыргалаңга чакырды 

admin

Комментарий