Жолдошбек Көлбаев дзюдо федерациясынын президенти кызматынан кетти

Жолдошбек Көлбаев Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясынын президенти кызматынан кетти. Бул тууралуу аталган федерациядан билдиришти.

«Улуттук дзюдо федерациясынын Башкаруу комитети 6-мартта Улуттук дзюдо федерациясынын президенти Колбаев Жолдошбек Асанбековичтин өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу арызын карап чыгып, суранычын канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алды»,- деп айтылат маалыматта.

Отставкага кетүү арызы 6-мартта кабыл алынган. Жолдошбек Көлбаев 2016-жылы декабрда дзюдо федерациясынын президенти болуп шайланып, 2020-жылдын декабрында бул кызматка кайра шайланган. 

Related posts

Ташиев: мамлекеттик кызматкер бай жашабашы керек, эми «ставка» деген болбойт

admin

Энергетика министрлиги элиталык үйлөргө жаңы тариф карап жатат

admin

Криштиану Роналду карьерасын качан жыйынтыктары айтылды

admin

Комментарий