Жолдошбек Көлбаев Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясынын президенти кызматынан кетти. Бул тууралуу аталган федерациядан билдиришти.
«Улуттук дзюдо федерациясынын Башкаруу комитети 6-мартта Улуттук дзюдо федерациясынын президенти Колбаев Жолдошбек Асанбековичтин өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу арызын карап чыгып, суранычын канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алды»,- деп айтылат маалыматта.
Отставкага кетүү арызы 6-мартта кабыл алынган. Жолдошбек Көлбаев 2016-жылы декабрда дзюдо федерациясынын президенти болуп шайланып, 2020-жылдын декабрында бул кызматка кайра шайланган.