ЖОЖдун мугалими үй-бүлөлүк зомбулукка шектелип кармалды

Бишкекте бүгүн түнү милицияга 11-кичи райондо болгон үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча билдирүү түшкөн.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, окуя болгон жерге Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барганда 1988-жылы туулган Ж.Т. аттуу жаран аялына орой сөздөрдү айтып, кол көтөргөнү аныкталган.

Бул факты тешелүү каттоого алынып, ага карата «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси боюнча административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү. Ал райондук башкармалыктын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ж.Т. аттуу жаран борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын биринде мугалим болуп иштей турганы белгилүү болду.

Милиция үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарды, ошондой эле мындай учурлардын күбөлөрүн бул тууралуу жакынкы милиция кызматкерине же күнү-түнү иштеген 102 кыска номерине дароо билдирүүгө чакырат.

Related posts

КР УКМК: Кадамжай районунун Ак-Турпак айылында узак мөөнөткө ижарага мыйзамсыз берилген (120 га) жерлерди мамлекетке кайтаруу боюнча

mediaportalk

29-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

mediaportalk

ИИМ: Оштогу киши өлтүрүү жана ур-токмокко алуу эки кылмыштуу топтун арасында болгон»

mediaportalk

Комментарий