Жумагазиев Чүйдүн калктуу конуштарын электр энергия менен камсыздоо маселесин чечүүнү тапшырды

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев көйгөйлөр менен кайрылган тургундарды кабыл алды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө электр энергиясы менен камсыздоонун жетишсиздигине байланыштуу көйгөйлөр жана калктын туруктуу энергия керектөөсүн камсыздоо үчүн көмөкчордонду орнотуу зарылчылыгы айтылды.

Бул маселелер район акимдеринин, энергетика тармагынын өкүлдөрүнүн жана башка жооптуу адамдардын катышуусунда каралып, облус башчысы Канат Жумагазиев келтирген жүйөлөргө ылайык, тиешелүү кызматтардын жетекчилерине көйгөй жараткан маселени жеринде көрүп, учурдагы абалга баа берип, аны тез арада чечүүгө киришүүнү тапшырды.

Related posts

Кыргызстанда акыркы жумада COVID-19дун 27 жаңы учуру аныкталды 

admin

Эскертүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө

admin

Акжол Махмудов дүйнөнүн үч жолку чемпиону Роман Власов менен күрөшөт 

admin

Комментарий