Журат Абдуллаевдин кармалышы: «Үмүт жана Ко» компаниясынын тең төрагасы кайрылуу жасады  

«Үмүт жана Ко” жоопкерчилиги чектелген коомунун тең төрагасы Кайрат Абдуллаев кыргыз элине видео кайрылуу жарыялады. Өз кайрылуусунда ишкер “Үмүт жана Ко” компаниясы штаттык режимде иштеп жатканын, бардык келишимдер өз убагында аткарылып жатканын, ошондой эле бийлик тарабынан эч кандай кысым болбогонун айтты. «Биздин компания сүт азыктарын чыгарат. Биз азыркы учурда штаттык режимде иштеп жатабыз. Ал эми Журат Абдуллаевдин иши боюнча укук коргоо органдары иш алып барып жатат. Менин оюмча, иш оң жакка чечилет деп ойлойм», — деди ал. Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекте ок атуучу куралдарды жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз сактаганга шектелип “Үмүт жана Ко” ишканасына тең ээлик кылган жаран кармалганы маалымдалган. Кийинчерээк ал эки айга камакка алынган

Булак: Super.kg

Related posts

28-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Кыргызстанга Орусиянын президенти Путин келет

admin

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик эскертет: Ар бир адамдын купуялыгын камсыз болуусу керек

admin

Комментарий