Жыйында сүйлөй албай калган Сеид Атамбаев азыркы абалы тууралуу айтты

21-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сеид Атамбаевдин абалы начарлап, сүйлөй албай калган. Анын консультанты: “Өзүн жаман сезип жатканын көргөндө мен дарыларын алып барып бердим. Андан соң жыйындан чыгып үйүнө кетти. Абалы начарлаганына байланыштуу сөзүн аягына чыгара албай калды”, — деген. 

Депутат социалдык тармактагы баракчасына колдоо үчүн ыраазычылык билдирди. «Биздин өзүбүздүн ооруларыбыз, көйгөйлөрүбүз жана алсыз жактарыбыз бар. Топтолуп кетти окшойт. Мен жакшымын. Эртең сөзсүз кайра бутума туруп, иштейм! Колдоо үчүн рахмат», — деп жазды ал. 

Related posts

Ташиев УКМК Академиясынын алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө дипломдорду тапшырды

admin

Бишкекте 32 бүтүрүүчү “Алтын тамга” аттестатын алды

admin

20-ноябрга карата аба ырайы

admin

Комментарий