Зиядин Жамалдинов 10-июнга чейин камакка алынды

Укук коргоо органдарындагы маалымат булактарынын билдирүүсүнө ылайык, Зиядин Жамалдинов президенттин Ош облусундагы өкүлү болуп иштеген мезгилине байланыштуу кылмыш ишинин алкагында кармалган. Алдын ала маалыматтар боюнча, териштирилип жаткан жагдайлар анын мурдагы мамлекеттик кызматтагы мезгилине тиешелүү.

Биринчи Май райондук соту 20-апрелде билдиргендей, 15-апрелде сот ИИМдин Тергөө кызматынын тергөө тобунун жетекчисинин өтүнүчүн канааттандырып, Жамалдиновго карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандаган.

Берилген маалыматка ылайык, ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-бөлүгү жана 263-беренесинин 1-бөлүгү («уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоону уюштуруучу») боюнча айып тагылууда.

Жамалдинов 10-июнга чейин СИЗО-1ге киргизилди.

Related posts

Жаан жаап, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн 

admin

Жаан жаабайт. 10-сентябрга карата аба ырайы

admin

Кыргыз-тажик чек арасы: Өкмөттүк топтордун Бишкекте жолугушуусу өтүп жатат

admin

Комментарий