Өкмөт Кыргызстанга инвестор тартуунун дагы бир жолун тапты

Министрлер кабинети “Нарын” эркин экономикалык аймагында товарларды өткөрүү тартибин бекитти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бийлик бул ченемдик укуктук актыны кабыл алууда чек аралык электрондук соода боюнча Кытайдын Кашгар бонд чөлкөмү менен долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү пайда болорун айтат. Анда товарларды “Нарын” ЭЭАден Кашгар шаарынын бонд чөлкөмү аркылуу экспорттоого болот.

Бул Түркия, Россия, Беларусь, Бириккен Араб Эмирлиги жана башка өлкөлөрдөн инвесторлорду тартуу мүмкүнчүлүгүн берет”, — деп айтылат маалыматта.

Министрлер кабинетинин жыйынында жалпысынан 13 маселе каралган, анын басымдуу бөлүгү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө болду.

Бонд чөлкөмдөрү (эркин соода зоналары) — бул атайын салык жана бажы режими бар аймактар.

Related posts

Кумтөр мамлекетке кайтарылган соң 1 млрд 174 млн доллар таза киреше тапты

admin

УКМК: Алтынбек Сулайманов кармалды деген маалымат жалган

admin

КР УКМК төрагасынын жакын туугандарынын атына жамынып жүргөн дагы бир алдамчы кармалды

admin

Комментарий