Өлкөнүн көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата мамлекеттик тууну көтөрүлдү

Бүгүн, 31-августта, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнүнө карата мамлекеттик тууну көтөрүү салтанаты болуп өттү.

Мамлекет башчысын ардак кароол ротасы тосуп алды.

Гимндин коштоосунда Кыргызстандын мамлекеттик туусу 31 метр бийктикке көтөрүлдү.

Адан соң Президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, өлкө жарандарын майрамы менен куттуктады.

Иш-чарага өлкөнүн жогорку жетекчилиги, экс-Президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков, коомдук ишмерлер, Кыргызстанда катталган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Related posts

КР УКМК: Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган чет элдик жарандар кармалды

admin

Ысык-Атада жеңил унаа поезддин алдына кирип кеткен. 3 адам жаракат алды

admin

19-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий