Өзгөчө экономикалык бирикмелер ишке кирип, дыйкан-фермерлердин керектөөсүн камсыз кыла баштайт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги азык түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, өзгөчө экономикалык бирикмелерди түзүүнү ишке ашыра баштады. Ал чарбаларды ирилештирүү боюнча жаңы стратегиялык концепциянын алкагында жүргүзүлөт. Бул тууралуу айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Мында – экономикалык ишканалардын, кооперативдердин, бирикмелердин (чемпондордун, агрегаторлордун) айланасында дыйкан-фермерлерди топтоп, аларды дал ушул өзгөчө экономикалык бирикмелер суу, сапаттуу үрөн, көчөт, мал уругу, жер семирткичтер, айыл чарба техникасы менен жеткиликтүү камсыз кылат. Андан соң чакан кайра иштетүү өнөр жайларын ишке берүү, соода логистикалык борборлорду куруу, даяр продукциянын экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү каралган.

Андан сырткары, элеттиктерди агро ресурстарды туура пайдалануу боюнча окутуу, жаш кадрларды даярдоо жана башка бир топ багыттарда ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Айрыкча көңүл үлүш жерлери менен бириккендерге өгөчө маани берилет. Бул аракеттердин бардыгы өлкөнүн азык түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.

Related posts

Бир кыздын өмүрүн алган тез татымдагы жарылуу. Жалал-Абадда үч киши кармалды

admin

УКМК: Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев коррупцияга шектелип кармалды – ФОТО 

admin

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

admin

Комментарий