Өлкөнүн чемпиондору аныкталды

Өлкө боюнча кулпунай өстүрүүдөгү чемпион аныкталды. Ал фермер Нурбек Отогонов. Нурбек мырза 1 гектар жерден 37 тонна кулпунайдын түшүмүн алып, кирешесин арттырган. Ал эми багбан Уланбек уулу Нурсултан интенсивдүү ыкма менен алма өстүрүп, 1 гектардагы 2 миң түп алма багынан 25-30 тонна түшүм жыйнаган. Сиз дагы ушундай жыйынтыктарды жаратып, жакшы киреше тапкыңыз келеби? Анда, багбанчылык менен чоң жетишкендиктерге жетишип, ийгилик жараткан адистер жана фермерлер 2025-жылдын 29-январында саат 10:00дө К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде кызыл килемден өтүп, өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, кулпунай жана алма өстүрүүнүн заманбап технологиялары жана түшүмдүүлүктү арттыруунун сырлары менен тааныштырат.
Иш чара тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн: 0770850015 (Турат Идрисов) Министрликтин бөлүм башчысы

Related posts

«Мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар бардык адамдар жоопко тартылат». ИИМдин депутатка жообу

admin

Бишкекте кыргыз тилинде окуткан класстардын саны көбөйөт 

admin

Бүгүн Садыр Жапаров 55 жашка толду

admin

Комментарий