2022-жылы айыл чарбасын колдоого канча каражат жумшалды? Министрдин жообу

Бишкекте өткөн брифингде айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков 2022-жылы айыл чарбасын колдоого канча каражат жумшалганын айтып берди.

Жаныбеков мамлекет тарабынан чоң колдоо болуп жатканын белгиледи.

«Быйылкыга 26 млрд 574 млн сом каралып, иш жүзүндө 14 млрд 670 млн сом бөлүндү. Бүгүнкү күндө анын 12 млрд 746 млн сому өздөштүрүлдү, башкача айтканда, жалпы сумманын 48 пайызы», — деди министр.

Анын айтымында, үрөн сатып алууга бөлүнгөн 1 млрд 534 млн сомдун 1 млрд 34 млн сому сарпталган.

«Ошондой эле жер семирткичтерди сатып алууга бөлүнгөн 975 млн сомдун 245 млн сому өздөштүрүлүп, 5 миң тонна аммиак селитрасын сатып алдык. Калган акчанын баары бюджетке кайтарылды», — дейт ал.

 Басып чыгаруу

Related posts

28-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

КР УКМК: Акча талап кылуу фактысы боюнча Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы кармалды

admin

Садыр Жапаров «Бир Планета Саммитине» катышуу үчүн Парижге жөнөп кетти

admin

Комментарий