Кайрадан жаан жаайт. 23-ноябрда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет борбору бүгүн, 23-ноябрда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +9…+14, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +11…+16, Ысык-Көл облусунда +7…+12, Талас облусунда +8…+13, Нарын облусунда +3…+8 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +12…+14 градус болот.

Related posts

Орусияда издөөдө жүргөн жаран Кадамжайда кармалды

admin

Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 3000 адамга жакындады  

admin

Ошто видеосу интернетке тараган айдоочу кандай жаза алды?

admin

Комментарий