24-марттан 27-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына, жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, кар көчкү Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымындагы Төө-Ашуу ашуусунда, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86 чакырымындагы Чоң-Ашуу ашуусунда жана Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымындагы Сөөк ашуусунда, 60-94 чакырымындагы Кара-Гөө ашуусунда түшүшү мүмкүн. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.