26-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

26-сентябрга караган түнү Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда жаан, кар, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо жаан, кар, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын каттуу жаашы мүмкүн. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 21…26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 13…18;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19 градус жылыйт.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11 °, күндүз 16…18 градус жылуу болот.

Related posts

Бишкектеги хостелде чыккан мушташ: 20 милиция кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылды

admin

Чүйдө 16 жаштагы Даниэль 8 күндөн бери дайынсыз болуп жатат

admin

Садыр Жапаров: «1-октябрдан тарта эң аз пенсия 6900 сомду түзөт»

admin

Комментарий