Бишкектеги хостелде чыккан мушташ: 20 милиция кызматкери тартиптик жоопкерчиликке тартылды

Кечээ, 27-майда ИИМдин жыйындар залында ички иштер министри Улан Ниязбековдун катышуусунда коллегия болуп өттү. Коллегияда 13-майдагы окуялардын маселеси каралды. Коллегияга ИИМдин, Бишкек шаарынын ИИБнин, Бишкек шаарынын райондук ИИБнын жетекчилиги жана укук тартибин камсыз кылуу милдети жүктөлгөн ИИБнын кызматкерлери катышты.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Токтоналиев Бишкек шаарында болгон окуялар боюнча маалымат берди. ИИМдин Ички иликтөө кызматынын башчысы Жолболду Кочконов 13 жана 17-майда болгон окуялар боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен тааныштырды. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча корутунду чыгарылды.

ИИМдин коллегиясынын чечими менен ИИОнун бир катар жетекчилерине жана кызматкерлерине тартиптик жазалар берилди. Алсак, бардыгы болуп 20 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган. Алардын ичинен Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБнын 10 кызматкери, анын ичинде башкармалыктын башчысы ээлеген кызматтарынан бошотулду. Мындан тышкары Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын 10 кызматкери ар кандай тартип жоопкерчилигине тартылды. 13-майда тергөө-ыкчам тобунун курамында турган кызматкерлерге карата кызматтык иликтөөнүн чечими юридикалык баа берүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Related posts

Сокулукта 9 эркек тарабынан кордолуп келген 13 жаштагы кыздын иши сотко өттү. Милиция депутатка жооп берди

admin

Ош шаардык казыятынын айланасында чоң чуулгандуу иш: кызматкерлер мыйзамсыз акча чогултуп турганы аныкталды

admin

АКШ Тажикстандааскердик машыгууларды өткөрө баштады

admin

Комментарий